Россиялык адистер мөмө-жемиш өстүрүү тажрыйбасы менен бөлүштү

Коом Загрузка... 26 Май 2026 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бишкекте "Мөмөлөр жана жемиштер" айыл чарба кластери менен биргеликте Россиянын Жемиштер союзунун жана Фрагария компаниялар тобунун өкүлдөрү катышкан жолугушуу өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкө боюнча мөмө-жемиш багытында иш алып барган дыйкан-фермерлер, күнөскана өкүлдөрү, экспорттоочулар, ошондой эле тармактын башка адистери офлайн жана онлайн форматта катышышты.

Жолугушууда Фрагария өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү, заманбап технологиялары, көчөт өстүрүү, мөмө-жемиш өндүрүү жана экспорттоо багытындагы тажрыйбалары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле тамчылатып сугаруу технологиялары боюнча презентациялар сунушталды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Фермерлер жана компания өкүлдөрү байланыш маалыматтары менен алмашып, келечектеги кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, тармак боюнча пайдалуу жана актуалдуу маалыматтарды алууга жетишишти.