Бишкек, 28.05.26 /Кабар/. 30-июндан тарта Россияга иштөө жана билим алуу максатында бара жаткан жарандар мамлекеттик кызматтар порталынын ruID тиркемесинен каттоодон өтүшөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.
Анын айтымында, Россияга окуу же иштөө максатында бара турган жарандар тиркемеге алдын ала катталып, билдирме толтурушу керек.
“Буга чейин ruID тиркемеси пилоттук түрдө киргизилсе, 30-июндан тарта күчүнө кирет. Анын негизги максаты — жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана көзөмөлдү күчөтүү. Тиркемени толтурбаган жарандар өлкөгө киргизилиши мүмкүн. Бирок катталуу, келишим түзүү, медициналык камсыздандыруу алуу, ошондой эле SIM-карта сатып алуу сыяктуу иштерде кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Ал эми тиркемени колдонуу окуу жана иштөө процесстерин жеңилдетет. Ошондой эле, система аркылуу жаран өзүнүн “кара тизмеде” бар-жогун алдын ала текшере алат. Бул ашыкча чыгымдардан жана убакыт жоготуудан сактоого жардам берет. Эрежеге ылайык, анкета сапарга чейин 90 күндөн эрте эмес жана кеминде 72 саат мурда толтурулушу зарыл. Шашылыш учурларда аны 4 саат калганда да толтурууга мүмкүнчүлүк бар. Буга чейин Москва облусунда Амина тиркемеси менен пилоттук долбоор ишке ашырылган. Ал мыйзамдуу жүргөн мигранттар үчүн бир катар жеңилдиктерди камсыздаган. Эми Россия бул кызматты өлкө боюнча жайылтууну пландап жатат ”, - деди ал.
Мындан тышкары, Байбосов миграциялык мыйзамдар тез өзгөрүп жаткандыктан, жарандардан Россияга барар алдында элчиликтерден жана консулдуктардан алдын ала кеңеш алууну сунуштады.
Белгилей кетсек, ruID тиркемеси App Store, Play Market, RuStore жана AppGallery платформаларында жеткиликтүү.