Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети "Кемин" жана жаңы "Балыкчы" подстанцияларынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Бул долбоор Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуулардын алкагында ишке ашырылат.
Долбоордун негизги максаттары:
- Улуттук энергетика тутумунун туруктуулугун жогорулатуу жана транзиттик потенциалды өнүктүрүү.
- Учурдагы 220 кВ линияларындагы ашыкча жүктөмдөрдөн улам келип чыккан маселелерди чечүү.
- Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан күн жана шамал электр станцияларынын кубаттуулугун жалпы түйүнгө кошуу үчүн шарт түзүү.
Долбоордун жалпы суммасы 67,7 млн еврону түзөт:
- 61,7 млн евро — жеңилдетилген насыя (20 жылга, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен);
- 3 млн евро — гранттык каражат;
- 3 млн евро — техникалык жардам (консультациялык кызматтар жана долбоорду башкаруу үчүн грант).