Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Казакстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Абылкайыр Скаковдун Ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Абылкайыр Скаковду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.