Ачык кабинет: Акунбеков ЕРӨБдүн өкүлү менен суу инфраструктурасы маселесин талкуулады

Министрлер кабинети Загрузка... 21 Май 2026 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. Учурда министр Эрлист Акунбеков Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине келип, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Айтен Рустамова менен жолугушууда.

Жолугушуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында өтүп, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышып жатат.

Тараптар суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо, суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкты сапаттуу суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселелерин талкуулап жатышат.

Ошондой эле анда “Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация тутумун реабилитациялоо долбооруна (II фаза) кошумча каржылоо” долбоорунун презентациясы сунушталды. Долбоор Нарын шаарынын 20 миң тургунун борборлоштурулган канализация системасы менен камсыз кылууга, аймактагы санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууга, Нарын дарыясына булганган агынды суулардын түшүүсүн азайтууга, ошондой эле инфраструктуранын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатууга көмөктөшөт.

Эрлист Акунбеков белгилегендей, долбоорго ылайык, 2030-жылга чейин өлкөнү толук кандуу таза суу менен камсыздоо планы коюлган.

"Бирок биз аны андан тезирек ишке ашыралы деп жатабыз. Кыргызстанда 2100 айыл бар болсо, анын 871си таза суу менен камсыздалган. 300дөй айылдыкы камсыздалуунун аракетинде”,-деп белгиледи министр.

Белгилей кетсек, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында жыйындарды ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда өткөрүп, бир катар объектилерге барат.