Ачык кабинет: Акунбеков Ысык-Көл жана Нарындагы агро кырдаал боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинети Загрузка... 21 Май 2026 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.26 /Кабар/. Эрлист Акунбеков Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине келип, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы азык-түлүк коопсуздугу жана жазгы талаа иштери маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Ага аймактардагы мамлекеттик органдардин жетекчилери аралыктан катышып, жыйын "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында өтүп жаткандыктан, ага ЖМК өкүлдөрү да катышууда.

Президенттин Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары Кутманалы Абдрахман уулу жана Эркинбек Чекирбаев түз байланышка чыгып, бүгүнкү күндөгү агро кырдаал тууралуу маалымат беришти.

Эрлист Акунбеков анда сүт менен эттин баасын арзандатуу чечими жөнүндө айтты.

Анын айтымында, базарларда сүттүн баасы импорттолгон сүттүн баасына барабар болуп жатат.

"Эгер биз тоют маселесин чечсек, анын баасы арзандайт. Мурун 1 гектар жер менен бир мал кармаса болот деген доктрина бар болчу. Бүгүнкү күндө технологиялар өнүккөн маалда, бир гектардан 90 тоннага чейин силос алып, жетиден онго чейин мал кармаса болот. Бул багытта иштерди алып баруу керек”, - деди министр.

Андан сырткары, министр малды өз убагында эмдөөнү камсыз кылуу тапшырмасын берип, жеке ветеринар кызматкерлерин министрликтин түзүмүнө киргизүү планы бар экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында жыйындарды өткөрдү, алдыда ЖМК өкүлдөрү менен бир катар объектилерди текшерүүгө барат.