“Ачык кабинет”: Журналисттердин коштоосунда өткөн Эрлист Акунбековдун бир күнү

Министрлер кабинети Загрузка... 22 Май 2026 14:02
6a0f1c31244a3-thumb.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

21-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет” медиа долбоорунун алкагында, бир күндүк иш күнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрдү. Министр күн тартибиндеги жыйындарын өткөрүп, Чүй облусундагы бир катар объектилерди текшерүүгө барды.

Акунбеков иш күнүн “Ынтымак Ордодо” бүгүнкү күндө өлкөдө актуалдуу болуп турган микроэлектрогенерация маселелерине байланышкан жыйындан баштады. Ага мамлекеттик органдар, аталган тармакта иш алып барган жеке компаниялар, банктардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан үчүн микрогенерация тармагын өнүктүрүү бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта тиешелүү мыйзам да кабыл алынды. Президенттин дагы жакынкы жылдары электр энергиясы боюнча көз карандысыздыкка чыгуу тапшырмасы коюлган.

Андан соң министр Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине барып, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Айтен Рустамова менен жолугушту.

Тараптар анда суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо, суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкты сапаттуу суу менен камсыздоо жана канализация кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Ортодо убакыт таап, журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп берип жатты.

Эки тараптуу жолугушуудан чыгып Коопсуздук кеңешинин азык-түлүк коопсуздугу жана жазгы-талаа иштери жөнүндө протоколдук тапшырманын аткарылышы жана министрликтин аппараттык жыйынын өткөрдү. Жооптуу кызматкерлердин баяндамалары угулгандан кийин, тапшырмалар берилди.

Президенттин Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары Кутманалы Абдрахман уулу жана Эркинбек Чекирбаев түз байланышка чыгып, бүгүнкү күндөгү агро кырдаал тууралуу маалымат беришти.

Минкаб төрагасынын орун басары жумуш графигинин экинчи бөлүгүн Чүй облусундагы объекттерди кыдыруу менен улантты. Алгач Чүй районунда “Осмон” каналын ишке берүү аземине катышты. Анда сөз сүйлөгөн Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун ирригация тармагына өзгөчө көңүл бурарын айтып, бул багыттагы иштер мындан ары дагы өнүктүрүлөөрүн билдирди. Белгилей кетсек, “Осмон” каналын реаблитациялоо жана модернизациялоо иштерине жалпы 539 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.

Андан кийин министр Ысы-Ата районунда жайгашкан “Флекфи” асыл тукум чарбасына барды. Акунбековго аталган жерде эмдөө иштери тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле министрди коштоп жүргөн ЖМК өкүлдөрүнө жеринде “Флекфи” мал чарбасынын уйларына вакцина саюу менен эмдөө процесси көрсөтүлдү.

Эрлист Акунбековдун айтымында, мал ылаңынын 2-3 түрү кездешүүдө.

"Биз ошол штамды лабораториядан аныктап алып, анан буйрутма бердик. 14-майда вакцина өлкөгө алынып келинди. Учурда эмдөө иштери жүрүп жатат. Ветеринарларга жайлоодогу малдарды кошо эмдөө тапшырмасы берилди.Негизи өлкөдөгү малдарга жаз жана кыш мезгилдеринин келиши менен жылына эки жолу вакцина сайылып турат”,-деди министр.

Андан соң минкаб төрагасынын орун басары Чыгыш айланма жолунун курулушунан кабар алды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору Уланбек Султанов ага жолдун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Жолдун жалпы узундугу 16,2 чакырымды түзөт. Төрт тилкеден туруп, унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 14 метр, ал эми жолдун жээгинин туурасы 2,5 метр болуп каралган. Долбоордо 5 төлөм алуу бекети, унаа токтотуучу жайлар жана жол боюндагы тейлөө объектилери камтылган. Ошондой эле төлөмдөрдү жыйноо системасы орнотулуп, жарыктандыруу жүргүзүлөт. Жолдун үстүңкү катмары — 6 сантиметр, астыңкы катмарынын калыңдыгы — 9 сантиметр болот.

Күн тартибиндеги иштер аяктагандан кийин министр “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө болду. Ал эми иш күнүнүн башталышында “Биринчи радионун” эфирине да катышууга үлгүргөн.