Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышына катышты.
Анда президенттин жана жалпы министрлер кабинетинин атынан фестивалдын ачылышы менен куттуктаган Адылбек Касымалиев Кыргызстанда кинематографияны өнүктүрүү, чыгармачыл индустрияларды колдоо жана заманбап маданий чөйрөнү калыптандыруу багытында ырааттуу мамлекеттик саясат ишке ашырылып жатканын билдирди.
“Акыркы жылдары кино тармагына системалуу көңүл бурулду. “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыктын негизинде киного мамлекеттик колдоо көрсөтүү олуттуу күч алды. Мындан 4 жыл мурда бул тармакка 80 млн сом бөлүнүп келсе, быйыл 2026-жылы 928 млн сом, же 10 эседен көп бөлүнүп жатат. Экономикадагы жандануу, туруктуу 10-11%дык өсүштөрдүн натыйжасында калкыбызды руханий дүйнө азыктары менен көбүрөөк камсыз кылууга шарт түзүлдү. Кинематографиянын өнүгүүсүнө президенттин жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” улуттук программасы таасирин тийгизип, стратегиялык багытын аныктайт”, - деди минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев.
Ал ошондой эле кыргыз киносунун күчтүү кесиптик мектеби бар экенин, өткөн кылымдын 60-70-жылдары кыргыз киноискусствосу далай элдерди таң калтырып “Кыргыз керемети” деп даңазаланганын, мына ошол улуу муундун атактуу жолун татыктуу улаш үчүн азыркы муундун күчтүү потенциалы бар экенин канааттануу менен белгиледи.
“Мамлекет кыргыз киносу ишенимдүү өнүгө ала турган шарттарды түзүүнү уланта берет. Бишкек эл аралык кинофестивалы жылдан жылга өркүндөп, эл аралык аброю жогорулай турганына мен ишенем. Ушул фестивалдын атагын чыгара турган сиздер болосуздар, урматтуу замандаштар. Андыктан фестивалга катышкан бардык авторлорго, бардык кинофильмдерге ийгилик каалайм”, - деди Адылбек Касымалиев.
Белгилей кетсек, IV Бишкек эл аралык кинофестивалы 7-12-июнь күндөрү өткөрүлөт. Бул жылы Бишкек кинофестивалынын программасы дүйнөлүк жана эл аралык премьералар, актуалдуу болгон чет элдик жана Борбор Азия тасмалардын көрсөтүлүшүн, ошондой эле режиссерлор менен сценаристтер үчүн атайын практикалык тажрыйба алмашуу сыяктуу ар тараптуу багыттарды камтыйт.