Амангелдиев: Кыргызстан ЕАЭБ агроөнөр жай рыногунда аймактык хаб статусун бекемдейт

Министрлер кабинети Загрузка... 06 Июнь 2026 14:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 06.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында агроөнөр жай рыногу жана дүйнөлүк экономикалык трансформация боюнча бир нече негизги панелдик сессияларга катышты.

“Эл аралык айыл чарба рынокторун калыптандырууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ролу” панелдик сессиясында Данияр Амангелдиев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Ал Кыргызстан айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатууга жана прогрессивдүү кайра иштетүүгө көңүл буруп, туруктуу жана инновациялык тамак-аш системасын түзүү үчүн мамлекеттик субсидияларды, заманбап санитардык жана ветеринардык стандарттарды, суу ресурстарын башкаруунун алдыңкы технологияларын, ЕАЭБ алкагында илимий кызматташтыкты жигердүү ишке ашырып жатканын айтты.

Өлкөнүн логистикалык борборлорго биргелешкен инвестицияларды тартууга жана аквакультура тармагын өнүктүрүүгө даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

“Жаңы дүйнөлүк тартиптин экономикасы: структуралык трансформация, чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” талкуусунун жүрүшүндө минкаб төрагасынын биринчи орун басары глобалдык финансылык жана соода мамилелеринин учурдагы трансформациясынын анализин сунуштады.

Ал белгилегендей, эл аралык мамилелердин эски архитектурасынын түп-тамырынан бери бузулуп жаткан учурда Кыргызстан өзүн соода жана транзиттик каттамдардын негизги аймактык хабы катары ийгиликтүү көрсөтүп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстандын жаңы дүйнөлүк түзүлүштөгү орду ички өсүштү жана аймактык туруктуулукту жогорулатуу үчүн Борбор Азиянын географиялык артыкчылыктарын эффективдүү пайдаланган адаптацияланган экономика катары саналат деп ырастады.

Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык сессиясынын ардактуу коногу катары катышып, анда бир катар мамлекеттик лидерлердин жана дүйнөлүк бизнес өкүлдөрү менен глобалдык өнүгүү векторлору жана узак мөөнөттүү эл аралык өнөктөштүктүн келечеги талкууланды.