Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Өзбекстанга иш сапары менен келген министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.
Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоп, Кыргызстан Өзбекстан менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Ал ошондой эле Ташкент инвестициялык эл аралык форуму аймактагы инвестициялык кызматташуу тармагындагы негизги иш-чарага айланып, аймактын бизнес-коомчулугуна жана көптөгөн эл аралык өнөктөштөргө байланыштарды орнотуу үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын, бул аракеттердин баары Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга алып келээрине ишенээрин билдирди.
Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлор жана демилгелер жигердүү илгериленип, аймактар аралык кызматташуу өнүгүп, тиешелүү “жол карталарында” бекитилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы сүйлөшүлдү.
Мындан тышкары жолугушууда үстүбүздөгү жылга жогорку деңгээлде эки тараптуу жолугушуулар, иш-чаралар, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын катышуусунда көп тараптуу маанилүү окуялар белгиленгенин, аларды уюштуруп өткөрүүгө кыргыз тарап активдүү даярдыктарды көрүп жатканы жана анын алкагында бир катар документтерге кол коюлаары айтылды.
Белгилей кетсек, эки тараптуу жолугушуу Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун алкагында өткөрүлдү.