Бишкекте машыктыруучулар жана спорт ардагерлери сыйланды

Спорт Загрузка... 06 Апрель 2026 14:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Газпром – балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалымдалгандай, салтанатка Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин кызматкерлери, спорт боюнча инструкторлор, машыктыруучулар, спорт мектептеринин мугалимдери, ардагерлер жана эмгек сиңирген ишмерлер катышты.

Иш-чарада мэр белгилегендей, бүгүнкү күндө борбор калаада 12 спорттук мектеп иш алып барып, анда 10 миңге жакын тарбиялануучу машыгып жатат.

"Биздин негизги максат спортко жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, жаштарды массалык дене тарбияга тартуу жана сергек жашоо образын туруктуу адатка айлантуу. Спортту өнүктүрүү, машыктыруучуларды колдоо жана шарттарды түзүү аркылуу биз күчтүү, дени сак жана максаттуу муунду тарбиялайбыз", — деп белгиледи мэр.

Өз ишине берилгендиги, спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн машыктыруучулар жана спорт мектептеринин жетекчилери мэриянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Ошондой эле аларга Бишкек шаардык кеңеши, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Улуттук олимпиадалык комитеттин сыйлыктары тапшырылды.

Коноктор үчүн ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду. Иш-чаранын алкагында баалуу сыйлыктар ойнотулуп, жеңүүчүлөргө тиричилик техникасы жана башка белектер берилди.