Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Акыйкатчы институту 17-23-май күндөрү өткөн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жүрүшүндө окуучулардын укуктарынын сакталышына өлкө боюнча 40 борбордо мониторинг жүгүздү.
Ведомстводон маалымдашкандай, текшерүүдө өзгөчө көңүл майыптыгы бар бүтүрүүчүлөргө түзүлгөн шарттарга бурулуп, бир катар кемчиликтер аныкталды.
Атап айтканда, Манас шаарындагы Алым Усман атындагы №7 орто мектебинде майыптыгы бар абитуриенттерге шарт түзүлгөн эмес. Сынак аудиториясы имараттын 3-кабатында жайгашкандыктан, сынактын катышуучусун өйдөгө көтөрүп чыгууга туура келген.
"Ошондой эле социалдык тармактарда тестирлөөнүн кеч башталышы жана чектеш аймактагы курулуштун ызы-чуусуна нааразылык айтылган Бишкектеги №64 жана №103 мектептер текшерилди. Бул факторлор абитуриенттердин укугунун бузулушуна же тест тапшыруусуна олуттуу тоскоолдук жаратпаганы белгилүү болду", - деп айтылат маалыматта.
Бул жагдайлардан улам Акыйкатчы институту тиешелүү органдарга мындай сынактарды дайыма имараттардын биринчи кабатында гана уюштурууну сунуштады.
Жалпысынан быйылкы ЖРТ боюнча Акыйкатчы институтуна уюштуруучулардын аракеттерине нааразы болгон бир расмий арыз түштү. Бул кайрылуу боюнча мыйзам чегинде текшерүү иштери жүрүп жатат.
"Ал эми Оштогу №42 Керме-Тоо жана Бишкектеги №24 мектептерде тийиштүү инфраструктура курулуп, майыптыгы бар катышуучулар үчүн атайын жардамчы жана сурдокотормочулар даярдалган", - деп айтылат маалыматта.