Кыргыз армиясы акыркы жылдары түп-тамырынан өзгөрдү – Отонбаев

Коом Загрузка... 29 Май 2026 18:35
D124D5FE-2FB9-46F8-ACF0-78596F71D88F.png

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Кыргыз армиясынын 5-10 жыл мурунку менен азыркы абалынын айырмасы асман менен жердей. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн 34 жылдык мааракесинде коргоо министринин биринчи орун басары Тариэл Отонбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги аскердик коопсуздукту мамлекеттик саясаттагы эң маанилүү багыттардын бири катары карап келет. Анын белгилешинче, акыркы 30 жыл ичинде бул тармакка жетиштүү деңгээлде көңүл бурулган эмес. Армия коомдун ажырагыс бөлүгү болгондуктан, өлкө кандай кыйынчылыктарды баштан кечирсе, аскер тармагы дагы ошол эле көйгөйлөргө туш болгон.

“Буга байланыштуу президент баш болгон өлкө жетекчилиги аны маанилүү багыт катары карап, олуттуу реформалар ишке ашырылды.

Ошондой эле курал-жарак жеткирүү туруктуу жолго коюлуп, аскер кызматкерлеринин социалдык шарттары дагы жакшырууда. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан кызматкерлерге 900дөн ашык турак жайдын берилүүсү пландалууда. Андан сырткары, турак жайсыз кызматкерлердин ижарасына 15-18 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнүп берилүүдө. Бул дагы мамлекеттин аскер кызматкерлерине болгон камкордугу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө курал-жарактар авиацияны кошкондо бардык багыттар боюнча жаңыланууда. Мурда айрым аскер бөлүктөрүндө кадр жетишсиздиги дээрлик 40 пайызга чейин жетсе, учурда мындай көйгөй айрым адистиктер боюнча гана сакталууда. Азыр 90%га чейин толукталды. Тескерисинче, жаштар арасында аскер кызматына кызыгуу кыйла өстү.

Мындан тышкары, Кыргызстан ШКУ жана ЖККУ алкагындагы, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу аскердик машыгууларга активдүү катышып келет. Мындай машыгуулар армиянын даярдык деңгээлин көтөрүп, аскер кызматын дагы да абройлуу кыла баштады.

Ошол эле учурда дүйнөдөгү заманбап куралдуу кагылышуулар согуш жүргүзүүнүн ыкмаларын толугу менен өзгөртүп жатат. Ошондуктан армия мурдагыдай теория менен гана чектелбей, реалдуу согуштук тажрыйбаны үйрөнүүгө өтүшү керек.

Ошондой эле келечекте куралдуу күчтөр жасалма интеллектти, санариптештирүүнү толугу менен киргизүүнү пландап жатат. Учурда бул жаатта долбоорлор ишке ашырылууда”,-деп белгиледи Отонбаев.