Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалына чыкты

Спорт Загрузка... 06 Апрель 2026 19:25
ооооор.webp
copyright icon www

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов өзбекстандык спортчуну жеңип, Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмак ченинде күч сынашып, Өзбекстандын спортчусу Дониёрхон Накибовду 9:0 менен жеңип алды.

Махмудов буга чейин япониялык балбан Исами Хорикитаны 7:3 эсебинде утуп, чейрек финалда Кахарман Кисметовду 9:1 эсебинде жеңген болчу.