Ала-Тоо Резорт: Аукциондо 2 жана 4 жылдыздуу мейманканалардын тилкелери сатылды

Туризм Загрузка... 08 Апрель 2026 17:42
1_F6Topam.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. “Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды.

“Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер тилкелери сатылды”, - деп айтты ал.

Жаркынбек Максүтов белгилегендей, аукцион 9-10-апрель күндөрү да уланат.