“Ала-Тоо Резорт”: лыжа трассаларын куруу үчүн долбоор иштелип чыгат

Туризм Загрузка... 19 Май 2026 10:00
WhatsApp_Image_2025_wyd68jz.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. “Ала-Тоо Резорт” тоо кластерин ишке ашыруунун алкагында лыжа трассаларын куруу үчүн долбоор иштелип чыгат. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимдин негизинде документти “Инжзащита” илимий-изилдөө долбоорлоо институту” ЖЧКсы даярдайт.

Анда компания лыжа трассаларын курорттун туристтик, инженердик жана эксплуатациялык инфраструктурасын куруу үчүн долбоордук-сметалык документти иштеп чыгат.

Ошондой эле подрядчы долбоорду ишке ашыруу учурунда автордук көзөмөл жүргүзөт.

“Долбоорлоо иштери эл аралык коопсуздук стандарттарын, заманбап инженердик чечимдерди жана дүйнөлүк деңгээлдеги лыжа инфраструктурасына коюлган талаптарды эске алуу менен жүргүзүлөт”, - деп белгилешти компаниядан.

Маалымат үчүн:

“Инжзащита” илимий-изилдөө долбоорлоо институту” ЖЧКсы белгилүү тоо-лыжа курортторундагы объектилерди долбоорлоо жана инженердик коргоо иштерине катышкан. Алардын катарында Сочидеги “Красная Поляна” тоо-эс алуу курорту жана 2014-жылкы кышкы Олимпиада оюндары өткөн “Роза Хутор”, Алтайдагы “Манжерок” курорту, ошондой эле Россиядагы бир катар туристтик жана тоо инфраструктуралык объектилер бар.