“Ала-Тоо Резорт”: Жыргалаңда беш жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды

Туризм Загрузка... 14 Апрель 2026 17:00
1_F6Topam.2e16d0ba..2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун алкагында беш жылдыздуу мейманкананын курулушу расмий түрдө башталды. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жеке ишкер Төлөмүш Жолдошбеков мейманкананын курулуш иштерин жүргүзүүдө.

Ал “Ала-Тоо Резорт” тоо класстери долбоорун ишке ашыруу максатында “Жыргалаң” тоо-лыжа курортун куруу үчүн өткөрүлгөн аукциондун биринчи этабында жер тилкесин сатып алган.

Ишкердин айтымында, мейманкананы 2027-жылы кышкы сезондо ишке киргизүү пландалууда.

"Бүгүн биз Жыргалаңда мейманкананы куруу иштерин баштадык. Учурда котлован казылып жатат. План боюнча, кыш келгиче имаратты тургузуп, чатырын жаап калабыз деп турабыз. Андан соң кышы менен имаратта ички жумуштарды жасайбыз. 2027-жылы мейманкананын курулушун толугу менен бүтүрүп, кышкы сезондо ишке киргизгенге аракет кылабыз", — деп белгиледи ал.

Белгилей кетсек, 8–10-апрелде аукциондун экинчи этабынын алкагында сунушталган 36 лоттун ичинен 17 лот сатылган. Жалпы сатылган жер тилкелеринин баасы 377,6 млн сомду же Улуттук банктын курсу менен 4,3 млн долларды түздү.

Эске салсак, 2025-жылдын июль айында өткөн аукциондо 49 лоттун ичинен 14 лот боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Алардын катарында 5 жылдыздуу жана Скандинавия стилиндеги мейманканалар, VIP-коттедж жана этношаарчадагы үйлөр сыяктуу негизги объектилер бар. Алардын баарын жергиликтүү инвесторлор сатып алышкан.

Курорттун курулушун баштоо үчүн объектилердин чек аралары такталган. Инвесторлорго жер тилкелеринин документтери берилип, бир катар объектилердин курулушу жүрүүдө.