Албания Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылды

Маданият Загрузка... 25 Апрель 2026 13:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Албаниянын элчиси Блерта Кадзадеж менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар маданият, музей ишин өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана жаштар саясаты боюнча кызматташууну талкуулашты. Ошондой эле санариптик долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен көргөзмөлөрдү уюштуруу маселелери боюнча макулдашууга жетишишти.

Мамбеталиев албан тарапты 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.