Аргентина дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Спорт Загрузка... 16 Июль 2026 09:00
83517cc9-fd0a-4508-8afc-fd010316a9b8.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.07.26 /Кабар/. Аргентина Англияны 2:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.

Анда белгиленгендей, бул Аргентинанын катары менен экинчи жолу финалга чыгышы.

Оюндун 55-мүнөтүндө Англиянын оюнчусу Энтони Гордон эсепти ачып, командасын алдыга чыгарган. Бирок беттештин соңунда Аргентина оюнду өз пайдасына бура алды. 85-мүнөттө Энцо Фернандес эсепти теңесе, кошумча убакытта Лаутаро Мартинес жеңиш алып келген голду киргизди.

Эки голго тең Лионель Месси так пас чыгарып, эки ассист менен команданын жеңишине чоң салым кошту.

Эми Аргентина финалда Испания менен беттешет. Дүйнө чемпионатынын чечүүчү финалдык оюну 19-июлда өтөт.