Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Бүгүн футбол боюнча дүйнө биринчилигинин экинчи жарым финалдык беттеши өтөт.
Финалга карай жолдо дүйнөнүн учурдагы чемпиону – Аргентина курама командасы Англия курамасы менен кездешет. "Мерседес-Бенц" стадионунда өтө турган бул оюн 16-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Беттешке АКШлык ФИФА калысы Исмаил Эльфат калыстык кылат.
Бул жуптун жеңүүчүсү финалда Испания курама командасынын атаандашы болот. Испаниялыктар өткөн түнү жарым финалда Францияны 2:0 эсебинде утуп алышкан.
Белгилей кетсек, АКШ, Канада жана Мексика биргеликте уюштуруп жаткан дүйнө чемпионатынын чечүүчү оюну 19-июлда өтөт.