Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Өлкө тарыхында биринчи жолу Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион жаңы деңгээлге көтөрүлдү.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, стадиондо жеңил атлетика, узундукка жана бийиктикке секирүү, ядро ыргытуу, ошондой эле ар кандай аралыкка чуркоо үчүн заманбап спорттук инфраструктура түзүлдү.
Адистердин маалыматы боюнча, курулушта жеңил атлетика дүйнөсүндө таанымал болгон Швейцариянын CONICA брендинин технологиясы колдонулду.
"Бул заманбап чуркоо жолдорунун сырткы каптамасына 12 жылдык расмий кепилдик берилет. Төшөлмө жергиликтүү климаттык шарттарга, өзгөчө жайдын ысыгына жана кыштын суугуна туруштук бере тургандай ылайыкташтырылып жасалган. Буга чейин чуркоо жолу 8 тилкелүү (паласа) болсо, эми дүйнөлүк стандарттарга ылайык 9 тилкеге жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.
Жаңыртуу иштеринен кийин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион Дүйнөлүк жеңил атлетика (World Athletics) ассоциациясынын расмий сертификатына ээ болот.
"Бул тарыхый кадам өлкөбүздө спорттун жеңил атлетика түрүн эл аралык деңгээлге чыгарат. Эми Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттагы ири эл аралык спорттук мелдештерди жана турнирлерди өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлөт", – деп айтылат Курулуш министрлигинин билдирүүсүндө.
Учурда стадионду толук калыбына келтирүү жана заманбап талаптарга ылайыктоо боюнча иштер кызуу улантылууда.