Asman Airlines Алматы - Каракол түз каттамын ишке киргизди

Бизнес Загрузка... 06 Декабрь 2025 00:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Asman Airlines Алматы – Каракол түз каттамын ишке киргизди. Биринчи учуу 5-декабрда ийгиликтүү аткарылды.

Жаңы маршрут жолго кеткен убакытты минимумга түшүрүп — болгону 35 мүнөттү түзөт, Караколго болжол менен 14:25те келүү менен.

Авиабилеттин баасы 6500 сомдон (39 000 KZT, 75 USD) башталат.

Алматы менен Караколдун ортосундагы авиакаттамдын жанданышы регионалдык авиациянын өнүгүүсүндө маанилүү этап болуп саналат.

Бул багыт боюнча туруктуу каттамдар 1970-жылдардан бери болбой келген, эми алардын калыбына келиши бизнес жана туризм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Авиабилеттерди Asman Airlines компаниясынын расмий сайтынан жана мобилдик тиркемесинен сатып алууга болот.