Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышууда.
Жыйындын алдында Көз карандысыздык сарайында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи болуп өттү.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду, Россия президенти Владимир Путинди, Беларутун президенти Александр Лукашенкону, Армениянын вице-премьери Мгер Григорянды, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди тосуп алды.
Катышуучулар биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин, тар курамдагы жыйын өткөрүү үчүн залга өтүштү.