Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда Астана шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы жыйыны өтүп жатат.
Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия президенти Владимир Путин, Беларусь президенти Александр Лукашенко жана Армения вице-премьери Мгер Григорян катышууда.
Кеңейтилген курамдагы жыйынга байкоочу өлкөлөрдүн делегация башчылары: Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Кубанын вице-президенти Сальвадор Меса жана Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Атабак кошулду.
Биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин катышуучулар кеңири курамдагы жыйын өткөрүү үчүн залга өтүштү.
Жыйындын соңунда катышуучулар бир катар документтерге кол коюшат.