Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Ат-Башы районунда жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө токой фондуна жана жайыт жерлерине кирген жалпы аянты 7 гектар болгон жер жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган.
Ат-Башы районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул жерлерди өлкөнүн жер, жайыт жана токой мыйзамдарына каршы келе турган чечимдер менен жеке менчикке берип жиберишкен.
УКМК тарабынан бул мыйзамсыз каттоо жана чечимдер жокко чыгарылып, жалпы 7 гектар аянт толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүлүп берилди.