Ат-Башыда кытайлык жумушчуларга Кыргызстандын жол эрежелери түшүндүрүлдү

Аймак Загрузка... 15 Июль 2026 11:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Нарын ОИИБ

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Ат-Башы районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунда иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар менен профилактикалык жолугушуу өттү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынан билдиришти.

Жолугушууну райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Сейдинов тиешелүү кызматтар менен биргеликте Кытайдын "China Railway" компаниясынын кызматкерлери үчүн уюштурду. Иш-чаранын башкы максаты жол кырсыктарынын жана укук бузуулардын алдын алуу болду.

Чет өлкөлүк жумушчуларга жол эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты ашырбоо жана мас абалында рулга отурбоо, жергиликтүү калктын каада-салттарын урматтоо, адамдарга сылык мамиле жасоо жана жаратылышка аяр мамиле кылуу, санитардык-эпидемиологиялык кызмат өкүлдөрү тарабынан жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түшүнүктүү болушу үчүн кытайлык жумушчуларга кытай тилинде даярдалган жол эрежелери жана маалыматтык китепчелер таратылды. Мындай профилактикалык иштер дагы улантылмакчы.