Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Бүгүн Манас шаарындагы "Достук" паркында "Даңк аллеясынын" ачылыш аземи өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоордун жалпы наркы 10 млн 319 миң 58 сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашырылды.
Шаар мэри Уларбек Исмаилов өз сөзүндө "Даңк аллеясы" мекен үчүн кызмат өтөп, эрдик көрсөткөн мекендештерге болгон урмат-сыйдын белгиси экенин белгилеп, мындай жайлар жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
"Даңк аллеясына" Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, Афган согушунун катышуучуларына, Баткен окуяларынын баатырларына, мамлекеттик чек араны коргогон чек арачыларга, Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан мекендештерге жана Аскер-Деңиз флотунда кызмат өтөгөн жарандарга арналган эстеликтер орнотулду.