Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Нарын шаарына 114 таштанды челектер жана 232 көчө таштанды челектери алынды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы алынган таштанды челектер белгиленген жерлерге коюлуп, тургундарга пайдаланууга берилип жатат.
Ал эми көчө таштанды челектери жакынкы күндөрү мерчемделген аймактарга коюла баштайт.
Таштанды челектери ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасына ылайык "Мааткасым" заводунан сатып алынды.