Бишкек, 04.05.26. /Кабар/. ИИМ ата-энелерди эс алуу күндөрү балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Ведомствонун маалыматына караганда, май айындагы эс алуу күндөрүнө байланыштуу балдар көп убактыларын көчөдө өткөрүшөт. Андай учурда чоңдордун тынымсыз көзөмөлү зарыл.
Ата-энелер үчүн негизги сунуштар:
– Балдарды кароосуз калтырбаңыз. Кыска убакытка дагы. Айрыкча бул кичинекей балдарга жана кенже класстын окуучуларына тиешелүү.
– Баланын кайда экенин көзөмөлдөңүз. Кайда жана ким менен жүргөнүн билиңиз, үйгө кайтуу убактысын сүйлөшүп алыңыз.
– Жолдо жүрүү эрежелерин түшүндүрүңүз. Балдарга жолду белгиленген жерлерден гана кесип өтүү керектигин жана жолдо этият болуу зарылдыгын эскертиңиз.
– Кооптуу буюмдарды колдонууну чектеңиз. Ширеңке, зажигалка, тиричилик химиясы, дары-дармектер балдар жетпеген жерде болушу керек.
– Бейтааныш адамдар жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүңүз. Бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүгө болбой турганын, алардан белектерди албоо керектигин же кайдадыр кетпөө керектигин түшүндүрүңүз.
– Интернеттеги коопсуздук. Балаңыз кайсы сайттарга кирерин, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде ким менен сүйлөшөрүн көзөмөлдөңүз.
– Суу сактагычтарда жана жаратылышта көзөмөл. Балдардын суу жээгинде чоңдордун коштоосу жок болуусуна жол бербеңиз, жаратылышта өзүн алып жүрүү эрежелерин түшүндүрүңүз.
”Урматтуу ата-энелер! Сиздердин көңүл бурууңуздар жана коопсуздук эрежелерин өз убагында түшүндүрүүңүздөр кырсыктардын алдын алат“, - деп айтылат маалыматта.
ИИМи жарандарды сак болууга жана балдардын коопсуздугуна кайдыгер карабоого чакырат.