Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Аудит жүргүзүү иштери санариптештирилүүдө. Бул тууралуу финансы министри Руслан Сүйналиев "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, бул кызматкерлердин аймактарга болгон иш сапарларын кыскартууга жана жол чыгымдарына кеткен акча каражатын үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.
"Аудит иштерин заман талабына жараша санариптештирүүнү токтотпошубуз керек. Ошондуктан бул иштерди толук кандуу жүргүзүүгө милдеттүүбүз. Министрликтин аймактык финансы башкармалыктарынын жетекчилери ушул маселени жайылтуу максатында маалымат иретинде туура кабыл алып, жардам көрсөтүңүздөр. Себеби азыр электрондук аудит алыскы аймактарда жүргүзүлүп жаткандыктан, кандайдыр бир маселе чыкса, иш жүзүндө кайра калыбына келтирүү максатында ишти чогуу алып баруу керек", — деди министр.