Австралиянын калкы алгачкы ирет 28 миллион адамдан ашты

Дүйнө Загрузка... 02 Июнь 2026 12:40
WhatsApp Image 2026-06-02 at 11.59.14.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 02.06.26 /Кабар/. Австралиянын калкы өлкө тарыхында биринчи жолу 28 миллион адамдан ашты. Бул тууралуу Австралиянын статистика бюросуна (ABS) таянып, ТАСС билдирет.

Маалыматка ылайык, 28 миллиондук чек 2-июнь күнү эртең менен катталган. Статистикалык эсептөөлөргө ылайык, өлкөнүн калкы орточо эсеп менен ар 75 секунд сайын бир адамга көбөйүүдө.

Белгиленгендей, калктын санынын өсүшү табигый көбөйүү жана миграциянын эсебинен камсыздалууда. Өлкөдө орточо эсеп менен ар 2 мүнөт 16 секунд сайын бир ымыркай төрөлөт. Ошол эле учурда ар 59 секунд сайын бир адам Австралияга туруктуу жашоо үчүн көчүп келсе, ар 2 мүнөт 35 секунд сайын бир тургун чет өлкөгө көчүп кетет.

ABS`тин акыркы маалыматы боюнча, 2025-жылдын 30-сентябрына карата Австралиянын калкы 27,7 миллион адамды түзгөн. Бир жыл ичинде калктын саны 423,6 миң адамга көбөйгөн. Өсүштүн негизги фактору катары чет өлкөдөн келген таза миграция көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Австралиянын калкы 2024-жылы 27 миллиондун чегинен өткөн. Демографтардын божомолуна ылайык, кийинки он жылдыктын башында өлкөнүн калкы 30 миллион адамга жетиши мүмкүн.