Чилиде катуу шамал жана нөшөрлөгөн жаан 10 адамдын өмүрүн алды

Дүйнө Загрузка... 22 Июль 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-07-22 at 08.58.55.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Чилиде катуу жааган жаан-чачын жана бороондуу шамалдын кесепетинен кеминде 10 адам каза болуп, дагы 4 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүү боюнча улуттук кызматына таянып, ТАСС билдирет.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктардан ошондой эле 17 адам жаракат алып, 1 168 жаран убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды. Алардын көбү Борбордук аймактын, Атакама жана Кокимбонун жашоочулары.

Мындан тышкары, 104 миңден ашуун адамдын сел жана жолдордун жабылышынан улам тышкы дүйнө менен байланышы үзүлдү.

Ошондой эле бул жаратылыш кырсыктарынан кесепетинен улам 2 миңден ашуун турак жай олуттуу зыянга учурап, 76 үй толугу менен кыйрады. 138 миңден ашуун тургун электр энергиясыз калды.

Оор кырдаалга байланыштуу Кокимбо аймагында жана Атакамадагы Уаско провинциясында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Куткаруу кызматтары жабыркагандарга жардам көрсөтүп, издөө-куткаруу иштерин улантууда.