Дүйнөлүк рынок: Brent мунайынын баасы 92 доллардан ашты

Дүйнө Загрузка... 22 Июль 2026 09:05
WhatsApp Image 2026-07-22 at 06.07.30.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Лондондогу ICE биржасында сентябрь айында Brent маркасындагы мунайдын фьючерстик наркы 11-июндан бери биринчи жолу баррелине 92 долларлык чектен ашты. Бул тууралуу ТАСС агенттигине шитеме берүү менен Казинформ жазды.

Казакстан убактысы боюнча саат 06:12де Brent мунайы 1,12 пайызга кымбаттап, баррели 92,03 долларга жеткен. Ал эми саат 06:17де өсүш дагы ылдамдап, мурунку соода күнүнүн жабылуу деңгээлинен 1,26 пайызга жогорулоо менен наркы 92,16 долларды түздү. Кийинчерек баа 92 доллардын тегерегинде болду.

Буга чейин Oilprice маалыматтарына таянып, 20-июль эртең менен Brent мунайынын наркы баррелине 90,21 долларды түзүп, мурунку соода сессиясына салыштырмалуу 2,40 пайызга кымбаттаганы кабарланган.