Аялдар сот бийлигинде: Кыргызстандын көрсөткүчү Борбор Азия боюнча алдыда

Коом Загрузка... 26 Июнь 2026 15:30
WhatsApp_Image_2026_B8rAwSI.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун Аялдар форумунда "Аялдардын лидерлиги: аялдардын саясий жана коомдук чечимдерди кабыл алуудагы ролу" аталышындагы биринчи панелдик сессияда Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова баяндама жасады.

Анын баяндамасы Кыргызстандын сот бийлигиндеги аялдардын өкүлчүлүгүнө жана гендердик теңчиликти камсыз кылуунун укуктук механизмдерине арналды.

Нургүл Бакирова өз сөзүндө эркектер менен аялдардын бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин, ошондой эле демократиялык институттарды чыңдоонун жана жарандардын сот системасына болгон ишенимин арттыруунун маанилүү шарты болуп саналарын белгиледи.

Ал өлкөдө гендердик теңчиликти камсыз кылуу үчүн зарыл болгон укуктук база түзүлгөнүн айтты. Анын курамына Конституциядагы кепилдиктер, аялдар менен эркектердин тең укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча мамлекеттик кепилдиктер тууралуу мыйзамдардын жоболору, ошондой эле судьялардын макамы жөнүндө конституциялык мыйзамдагы судьялар корпусун түзүүдө гендердик тең салмактуулукту сактоону караган ченемдер кирет.

Ошондой эле сот адилеттигин ишке ашырууда аялдардын ролуна, алардын сот системасын өнүктүрүүгө жана жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого кошкон салымына өзгөчө көңүл бурулду.

“Кыргызстан сот системасында аялдардын өкүлчүлүгү боюнча Борбор Азиядагы алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошол эле учурда жетекчилик кызматтарда аялдардын санын көбөйтүү, кесиптик өсүү механизмдерин өркүндөтүү жана судьялык кесипти тандаган жаш адистерди колдоо боюнча иштерди улантуу зарыл”, - деди Бакирова.

Мындан тышкары, ал сот системасындагы гендердик саясатты мындан ары өркүндөтүүнүн негизги багыттарына токтолуп, алардын катарына насаатчылык институтун өнүктүрүү, судьялардын квалификациясын жогорулатуу, кесиптик өнүгүүгө бирдей мүмкүнчүлүк түзүү жана чечим кабыл алуудагы аялдардын ролун күчөтүү кирерин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда ШКУнун алкагындагы эл аралык кызматташтыктын, тажрыйба алмашуунун жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мыкты тажрыйбаларды жайылтуунун маанисин баса белгилеп, форумдун жыйынтыгы уюмга мүчө мамлекеттерде аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын коомдук-саясий турмуштагы ролун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.