Санариптештирүү: Кыргызстанда ажылык сапардын процесстери электрондоштурулат

Коом Загрузка... 21 Май 2026 13:15
WhatsApp Image 2026-05-21 at 13.06.41.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Кыргызстанда ажылык сапар санариптештирилет. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ажылык сапарга бара тургандар каттоодон өтүп, акча каражаттарын төлөөгө чейинки бардык процесстер электрондоштурулат. Бул үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгат.

"Тиркемеде ажылык сапарга камданган ар бир жаран үйүндө отуруп эле төлөмүн аткарып, кезекке турууга мүмкүнчүлүк ала алат. Муну менен ажылык сапарга барганга чейин бардык иштер санариптештирилет десек болот. Бул өз кезегинде жарандарга эч кандай кыйынчылыктарды жаратпай, иштерди жеңилдетет. Ажылыкка баргандарга Кыргызстанда да, Сауд Аравиясында да электрондук коштоолор болот", - деди ал.