Азия чемпионаты: Балбан Асан Жанышов да финалда күч сынашат

Спорт Загрузка... 06 Апрель 2026 19:39
ННННН.webp
copyright icon www

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында финалга жолдомо алды.

Спортчу 87 кг салмак ченинде күч сынашууда. Чейрек финалда ал түркмөнстандык атаандашын 10:0 эсебинде 30 секундада жеңсе, жарым финалда казакстандык балбанды 8:0 эсебинде утуп финалга чыкты.

Эми Асан Жанышов эртең, 7-апрелде алтын медаль үчүн Иран спортчусу Голамреза Фарокхисенжани менен кез келет.