Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 8-апрелине карата Кыргызстан, Россия жана Казакстандагы негизги азык-түлүк товарларына болгон баалардын салыштырма мониторингин жүргүздү.
Ведомствонун маалыматы боюнча, мониторингдин жыйынтыгында өлкөлөр арасында баалардын өсүүсү жана төмөндөөсү боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөр аныкталды.
Кыргызстанда баалардын кескин өзгөрүүсү байкалган жок, айрым позициялар боюнча төмөндөө катталды:
- Жогорулоо: Сабиз (+0,7%), кумшекер (+0,2%), 1-сорттогу импорттук буудай уну (+0,2%).
- Төмөндөө: Жумуртка (-0,6%), өсүмдүк күн карама майы (-0,3%), пастерленген сүт (-0,3%).
Казакстанда каймак майдын баасы кескин жогорулаганы менен, кумшекер жана эт азыктары арзандаган:
- Жогорулоо: Каймак май (+10,8%), спагетти (+3,4%), өсүмдүк майы (+0,9%), картошка (+0,1%).
- Төмөндөө: Кумшекер (-5,6%), күрүч (-4%), уй эти (-3,5%), вермишель (-1,4%), сүт жана 1-сорттогу жергиликтүү ун (-1,2%), сабиз (-0,6%), жумуртка (-0,2%).
Россияда дээрлик бардык негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулаганы байкалган:
- Жогорулоо: Кумшекер (+2,6%), вермишель, сабиз, жумуртка, кой эти, уй эти, каймак май, өсүмдүк майы, сүт жана 1-сорттогу ун (бардыгы +1,3%дан), картошка жана баш пияз (+1,2%), күрүч (+1,1%).