Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Кыргызстандык эркин күрөшчү Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмак категориясында MUHAMET MALO 2026 эл аралык рейтингдик турниринде күмүш медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Мелдешти Токтомамбетов 1/8 финалдан баштап, азербайжандык Канан Хейбатовду 3:1 эсебинде утту. Чейрек финалда АКШнын спортчусу Куинси Мондейди 5:1 менен жеңип, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда Грузиянын өкүлү Георгий Элбакидзе менен кармашып, 2:0 эсебинде үстөмдүк кылып, финалга жолдомо алды.
Ал эми финалдык беттеште ирандык Йонес Алиакбар Эмамиге 0:5 эсебинде утулуп калды.
Белгилей кетсек, MUHAMET MALO 2026 рейтингдик турнири Тирана шаарында өтүп жатат. Мелдештер 1-мартка чейин уланат.