Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоого ылайык, Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн Жаңы Достук айылына 181 турак үй курулган.

Достук айылынын тургуну Зулфия Мухаммадиева учурда үй-бүлөсү менен Жаңы Достук айылындагы жаңы турак жайына көчүп келүүдө. Ал акырындык менен оокаттарын үйүнө жайгаштырып жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө Жаңы Достук айылына бала-бакыраларыбыз, неберелерибиз менен көчүп келип жатабыз. Жүктөрүбүздү көчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жардамдашууда. Биз алардын кол-кабыш кылышкандарына ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бардык оокаттарыбызды орду-ордуна коюп берип жатат. Жаңы үйүбүздүн шарты абдан жакшы. Бир көрүп өтө сүйүндүк. Бардык кошуналарыбыз бизге окшоп жүктөрүн үйүнө киргизүү менен алек. Эми кирип жайгашып алсак, чакан бакчабызды иштетебиз деп турабыз. Бак-дарак тигип, жер-жемиштерди өстүрөбүз”, - деди ал.

Зулфия Мухаммадиевага окшоп Жаңы Достук айылына жашоочулардын отурукташуусу үчүн 181 турак үй курулган.

Достук айылынын айыл башчысы Адалат Айтбаеванын айтымында, таза суу курулмалары курулган. Бир-эки күндө айылга таза суу берилсе, тургундар үйлөрүндө толугу менен жашап баштайт.

Адалат Айтбаева белгилегендей, ушу тапта айылда жол, бала бакча, ФАП, мектептин курулуш иштери жүрүп жатат.

“Айыл ичине 10 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлөт. Азыр негизги көчөлөр асфальтталды. Эми ички көчөлөрдө иштер улантылып жатат. Ал эми мектеп боюнча айтсам, 225 орундуу мектеп курулууда. Ошондой эле ФАП, 100 орундуу бала бакча да салынып жатат. Достук айылынын мектеп окуучуларынын окуусу үзгүлтүккө учурабашы үчүн коңшу айылдагы мектепке атайын бөлүнгөн унаа менен жеткирилүүдө”, - деди айыл башчысы.

Адалат Айтбаева кошумчалагандай, электр энергиясында көйгөй жок. Жаңы Достук айылына электр чубалгылары тартылып, жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.

Облустук өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, жаңы айылга Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым тилкелеринин тургундары да жайгашат. Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн Раззаков жана Максат айылдарында жалпы 76 турак жайдын курулуш иштери да дээрлик аяктап калды.