Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. 12-апрелде Чүйдүн Константиновка айылында балык уулоо спорту боюнча Бишкек шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 18 жаштан жогору ышкыбоздор арасында уюштурулду.
Ага 43 спортчу катышып, жыйынтыгында төмөнкүлөр жеңүүчү деп табылды:
- 1-орун — Коротаев Олег;
- 2-орун — Кулумбетов Нурсултан;
- 3-орун — Сергей Ли.
Жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чараны Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Кыргызстандын Балык уулоо спорту федерациясы менен биргеликте уюштурду.