Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу селден тазаланып, каттам ачылды

Аймак Загрузка... 22 Июль 2026 10:35
copyright icon ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун Конкино айылынын тушунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жабыркаган тилкеси калыбына келтирилип, жол эки тараптуу ачылды.

ӨКМдин облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, 22-июлга караган түнү саат 03:50 чамасында жааган нөшөрдөн улам арыктарга суу батпай, жолдун 207-208-чакырымдарынын ортосундагы болжол менен 10 метр тилкени суу жууп кеткен.

"Окуя болгон жерге Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, алгач жол убактылуу ачылып, унаалар кезектешип өткөрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерек жолду калыбына келтирүү иштерине "China Road" ишканасынан бир экскаватор, бир жүктөгүч жана бир самосвал тартылып, бүгүн саат 10:00гө карата жабыркаган тилке толук калыбына келтирилди.

Учурда унаалар эки тараптуу тоскоолдуксуз каттоодо.