Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Жайкы туристтик мезгилге байланыштуу Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунун лагеринде милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери туристтер менен жолугушуп, тоодо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жарандардын арыз-даттануулары менен кайрылуулары жеринде кабыл алынып, мыйзамдын негизинде тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздап, укук бузуулардын алдын алуу боюнча кызмат өтөп, зарыл учурда жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтерге укуктук жардам жана маалымат беришүүдө.
Белгилей кетсек, деңиз деңгээлинен 7 134 метр бийиктикте жайгашкан Ленин чокусу альпинисттер арасында Борбор Азиядагы эң популярдуу чокулардын бири болуп саналат.