Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Башкы прокурор Максат Асаналиев Россияда өткөн XIV Санкт-Петербург эл аралык юридикалык форумуна катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Форум укук үстөмдүгүн чыңдоо жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ири дүйнөлүк аянтчалардын бири болуп саналат.
Форумдун алкагында Максат Асаналиев Россиянын башкы прокурору Александр Гуцан, юстиция министри Константин Чуйченко жана Беларустун Тергөө комитетинин төрагасы Константин Бычек менен жолугушту.
Анда жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон соттолгон адамдарды мекенге өткөрүп берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Бул багыттагы кызматташтыкты дагы да чыңдоо механизми макулдашылды. Ошондой эле Россияда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын расмий өкүлчүлүгүн ачуу маселеси өзүнчө каралды.
"Бул кадам экстрадициялоо, кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана эң негизгиси Россиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү практикалык мааниге ээ", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана конструктивдүү диалогду жигердүү улантууга даяр экендиктерин ырасташты.