Баткенде чайырды мыйзамсыз чогулткан жарандар аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 22 Июль 2026 12:10
336262.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткан эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери аларга 11 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салышты.

"Жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз чогултуу жана пайдалануу мыйзам бузуу болуп саналат жана мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет",-деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.