Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Бишкекте бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин Instagram социалдык тармагында жарыяланган маалыматтын негизинде Ж.Пудовкин көчөсүндө текшерүү жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгында бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, муниципалдык ишканага 17 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Жаратылыш министрлиги жарандарды бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактыларына кайдыгер карабоого чакырат. Мындай мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.