Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Баткен облусу боюнча жыл башынан бери 15 тургунга Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнүп берилди.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, төлөмдүн жалпы суммасы 1 млн 786 миң 154 сомду түздү.
Бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын тургуну Айсалкын Темировага 408 миң 369 сом өлчөмүндө кезектеги камсыздандыруу төлөмүнүн сертификатын тапшырды.
Белгиленгендей, 2025-жылдын сентябрь айында электр зымдарынын чыңалуусунан өрт чыгып, Айсалкын Темированын турак жайы өрттөнүп кеткен. Ал Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна турак жайын ушул жылдын июнь айында камсыздандырган.
Баткен облусунда жалпысынан 100 миңге жакын турак жай болсо, бүгүнкү күндө анын 20 миңден ашууну камсыздандыруудан өткөн.