Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 16-17-октябрда Фергана шаарында өтүп жаткан "Фергана өрөөнү: тынчтыкка жана гүлдөп өнүгүүгө карай күч-аракетти бириктирүү" аталышындагы тынчтык форумунун алкагында өттү.
Эки тараптуу жолугушууга Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов жана эки облустун жетекчилиги да катышты.
Тараптар Баткен жана Фергана облустарынын соода экономикалык, маданий байланыштарын чыңдоо, туризм багытында кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жетекчилер кыргыз-өзбек элинин бир туугандык мамилеси жана жакын кошуналык алакасы күндөн күнгө жакшырып жатканын айтып, боордош элдин тамыры жана келечеги бир экенинин белгилешти.
Облус башчылары алдыда эки өлкөнүн президенттер Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев белгилеген багытта, чектеш облустардын ар тараптуу карым-катнашын өнүктүрүүнү макулдашты.