Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Баткенде Алымкул аталыкка эстелик тургузулат. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Арслан Койчиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, XIX кылымда жашап өткөн чыгаан ишмер, Кокон хандыгынын иш жүзүндөгү башкаруучусу, генерал Черняевдин күчтөрү менен кармашып жатып, Ташкент салгылашуусу маалында отуз эки жашында шейит кеткен атактуу Алымкул аталыктын (Алымкул амир-и лашкер, Алымкул амир ул-уламо) урматына эстелик тургузулат.
"Эстелик Алымкул аталыктын киндик каны тамган мекени Баткен шаарына тургузулат. Баткен облусунун жетекчилиги жер бөлүп берүү, парк куруу маселеси менен алпурушуп, эстелик турчу жер алдын ала макулдашылды.
Кудай буюрса, эстелик сынак аркылуу тандап алынат, ал эми сынактын шарттары жакын арада жарыяланат. Эң негизги шарты - эстелик жер жайнап кеткен майда-чүйдө эмгектерге окшобой, мыкты болууга тийиш", - деди ал.