Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Беш-Бадам каналына бетон төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иштер Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан аткарылды.
“Учурда канал аркылуу сугат суусу этап-этабы менен бөлүштүрүлүп, дыйкандарга суу берүү иштери башталды. Аткарылган иштердин негизинде сууну жоготуу азайып, сугат суусунун үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жеткирилишине шарт түзүлдү”, - деп белгилешти министрлииктен.