Бүгүн Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат

Спорт Загрузка... 06 Апрель 2026 09:40
WhatsApp_Image_2025_e7ICHEr.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ири мелдешке Азиянын күчтүү балбандары катышат. Жарыштын биринчи күнүндө килемге грек-рим күрөшүнүн балбандары чыгат. Анда 55 кг, 63 кг, 77 кг, 87 кг жана 130 кг чейинки салмак категорияларында медалдар ойнотулат.

Аталган салмактарда Кыргызстандын атынан күч сынаша турган балбандар:

  • 55 кг чейин — Улан Муратбек уулу;
  • 63 кг чейин — Автандил Таалайбеков;
  • 77 кг чейин — Акжол Махмудов;
  • 87 кг чейин — Асан Жанышов;
  • 130 кг чейин — Роман Ким.

Алдын ала беттештер саат 11:30да башталат. Турнир 6–12-апрель күндөрү өтөт.

Белгилей кетсек, Бишкекте буга чейин чоңдор арасында Азия чемпионаты үч ирет — 2007, 2018 жана 2024-жылдары өткөн.